Мындан 126 жыл мурун 7-майда орус физиги жана электортехник Александр Попов дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган. Мына ошол күндөн баштап 7-май-радио күнү катары белгиленип келет.
7-май - Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында орустун физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылат.
Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген. Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыгып, ошол кезде кыргыз радиосунда саналуу гана дикторлор иштечү.
Ал эми Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен 7-май – Байланыш жана радио күнү катары белгиленип келет.