Баткен облусунда жааган жаандын кесепетинен дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас, Өрүкзар айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кооптуу аймактагы болжол менен 1 жарым миң адам коопсуз жерлерге чыгарылган. Учурда суунун деңгээли төмөндөп, каптап кетүү коркунучу жоюлгандыгына байланыштуу алар өз үйлөрүнө кайтышты, жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.