Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 6-май күнү саат 13:07де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында - 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында - 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында - 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле 6-май күнү саат 17:39да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында -3 балл, Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө 7-май күнү саат 01:45те Ош облусунун аймагында да катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркештам айылында 3 балл, Нура, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Катталган жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.