Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-майдан баштап Түркстан - Бишкек - Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат. Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan учагы аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 1 саат 15 мин.