Жаңылыктар
Кыргызстандын расмий туристтик сайты иштей баштады
Туризм
Кыргызстандын расмий туристтик сайты иштей баштады

Кыргызстандын расмий туристтик сайты иштей баштады. Бул жактан баардык туристтик маршруттар, эс алуучу жайлар, туризмдин кандай түрлөрү менен алектенсе болот деген жана башка көптөгөн маалыматтар камтылган. Баракчадан “Бул өлкө эмнеси менен кызыктуу” деген суроого ар бир кирген кардар жооп алат. Ал үчүн жөн гана discoverkyrgyzstan.org деген дарекке кириш керек.

Ушул күндөн тартып жаңы туристтик сайт бүт кардарларга жеткиликтүү. Баракчаны ачканда эле бул жерде жайгашкан видеоролик аркылуу Кыргызстандын бүт кооздугун көрсө болот. Албетте бул тоолор, суулар, Ысык-Көл, Улуу Жибек жолу, “Манас” эпосу, көчмөндөр маданияты, меймандостук, тамак аш жана башка маалыматтар. Кененирээк маалыматты негизги бөлүктөн тапса болот. Мисалы, “Саякат жерлери” деген шилтемени басып региондорго карата же болбосо түрлөрүнө карата деген эс алууну тандаса болот. Ар бир жер боюнча кыска маалыматтар чыгат.

Сайтты чыгарыш оңой болгон жок, дейт аны иштеп чыккандар. Буга 5 айдай убакыт кетти. HTML 5, IX, JavaScript деген заманбап технологиялар колдонулган. Эң көп убакыт дизайнды ойлоп табууга кетти. Ак жана көгүш өңдөр - сайттын негизги түстөрү болду.
Бүгүнкү күндө мындай сайт абдан керек, дейт Кыргызстан курорттор ассоциациясынын башчысы Медер Тилекматов. Анын айтымында, туристтер туроператорлордон жетиштүү маалымат ала албай, интернет каза баштайт. Ал жактан болсо көбүнчө терс маалыматтарды табышат.

Сайт алты тилде жасалды: кыргызча, орусча, түркчө, англисче, кытайча жана арабча. Бул жерде 5 миңден ашуун фото жана видео материалдар жүктөлгөн. Иштеп чыккандардын айтымында, 21-чи, технология жана интернет кылымында мындай сайт абдан керек, дешет адистер. Бул Кыргызстандын туристтик тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118