29-апрелде болгон каргашалуу окуяда Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 3 жоокеринен айрылды. Мекенди коргоо учурунда душмандын атылган огунан №2021аскер бөлүктүн прапорщиги Бегзат Юлдашев курман болгон. Маркумдун артында 1 кызы 2 уулу атасыз калды.
Бегзат Юлдашев жоокердик антында туруп, 29-апрелдеги каргашалуу окуяда душмандын атылган огунан баатырларча курман болду. Эми гана 6 айга толгон кичүү баласынын наристе жытына тойбой турган учурда бардык жакындарын кайгыга салып, акырет жашоого кете берди.