Мамлекеттик катоо кызматынын мобилдик тобу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткан жарандардын арыздарын кабыл алды.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери принтер, ноутбук, фотоаппарат, биометрикалык маалыматты аныктоочу жабдуулары менен барышты. Алар Баткен окуясында жабыркап, дарыланып жаткандардын арыздарын кабыл алышты.