Жаңылыктар
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү LED экранда көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү LED экранда көрсөтүлүүдө

Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бирок Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү максатында алардын сүрөттөрү борбордун көчөлөрүндөгү ЛЭД экранга жайгаштырылып, көрсөтүлүүдө.

Шаар тургундары Улуу жеңиш күнүнө карата “Өлпөс полк” жүрүшү өткөрүлөрүн күтүп жатышкан. Бирок кооптуу илдет экинчи жылы массалык иш-чараны токтотууга аргасыз кылды. Бирок жүрүш болбосо дагы Улуу Ата Мекендин согуштун ардагерлерин эскерүү максатында борбордун чок ортосунда алардын сүрөттөрү байма-бай көрсөтүлүп жатканы кубандырбай койбойт.