Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы жоокерлер көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы жоокерлер көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары эскерилди

Бишкек шаарындагы жоокерлер көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары эскерилди. Ага шаар мэринин милдетин аткаруучу жана Россия, Беларусь мамлекеттеринин элчилери катышып, жеңишти тартуулаган кыргыз жоокерлерине таазим этип, Улуу жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушта мекенин коргоо үчүн жоого аттанган кыргыз жоокерлерлери, бүгүнкү күндө жүз жашты таяп калган аксакалардар жеңиштин 76 жылдыгына карата өткөн эскерүүгө келишти. Кандуу жылдарда өлбөстүн күнүн көрүп, азыркы тапта бараандуу турмушту кечирген аксакалдар мекендин баасы, анын бир ууч топурагы баарынан кымбат экенин айтышат.