Бүгүн Кыргызстанда радио жана байланыш тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. 1895-жылы 7-майда орус физико-химия коомунун отурумунда орус физиги Александр Попов өзү ойлоп тапкан радиокабылдагыч тууралуу баяндама жасап, радио байланышты дүйнөгө көрсөткөн. Заманбап дүйнөдө радионун ролу дагы деле чоң.
Байланыштыруучу болуу бул ардактуу кесип, - дейт бул тармакта 40 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип жаткан, Республикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдарынын өндүрүштүк бирикмесинин башкаруу борборунун диспетчери Елена Павлюк. Биздин республикада байланыштын өнүгүшү жана өркүндөлүшү, инновациялар дал ушундай адистердин жоопкерчиликтүү жана талыкпаган эмгегинин аркасы менен иштер илгерилеп алдыга жүрүп келет.