Жаңылыктар
Дзюдочулар чоң мелдешке аттанды
Спорт
Дзюдочулар чоң мелдешке аттанды

Бүгүн түнү олимпиадага катыша турган кыргызстандык дзюдочулар Рио-де-Жанейро шаарына учат. Бул спорттун түрү боюнча мелдеш 5-августтан баштап 21-августка чейинки аралыкта өтөт. Кыргызстан дзюдо боюнча эки лицензияга ээ болгон. Алар балбандар Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий. Бүгүн өлкөнүн намысын коргочу эки спортчунун Бишкектеги соңку машыгуусу аяктады.

25 жаштагы дзюдочу Отар Бестаевдин башкы жетишкендиги бул жылы Риодогу олимпиадалык оюнга лицензияга алышы болду. Жолдомону утуп алуу оңойго турган жок, ал атаандаштарынан арасынан маңдай тери менен суурулуп чыккан.
5-августта Бразилияда өтчү олимпиадалык оюндар расмий түрдө ачылат. Анын эртеси эле Отардын биринчи кармашы башталат. Машыктыруучусу спортчуга күч, дем берип таптап жатат. Буюрса Отар өлкөнүн курама командасынын куржунуна медаль алып келет деген ишенимде.

Бул Бишкектеги машыгуу дүйнөлүк мелдеш алдындагы акыркы машыгуу. Кыргызстандыктар дзюдочу Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий ийгилик алып келет деп үмүт артып турат. Эртең спортчулар Риого жетип, 5-августка чейин ал жактын климатына ыңгайлашат.
31-ирет өтүп жаткан олимпиадалык оюнда кыргыз байрагын 19 спортчу желбиретет. Коомчулук спортчуларга ийгилик каалап, жеңиш менен келет деп үмүт артууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118