Жаңылыктар
Алгачкы камсыздандыруу төлөмү төлөндү
Кыргызстан жаңылыктары
Алгачкы камсыздандыруу төлөмү төлөндү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму биринчи жолу камсыздандыруу төлөмүн төлөдү. 18-июль күнү болуп өткөн катуу шамалдан улам Казарман айылындагы 42 үй жабыр тарткан. Тогуз-Торо райондук жарандарды коргоо комиссиясы каттаган актыга ылайык жоготуунун көлөмү 420 миң сомдон ашкан. Жабыркаган 42 үйдүн ичинен болгону бир гана үйдүн ээси мурда турак жайы үчүн 600 сом төлөп камсыздандырган.

Буга байланыштуу, адистер бул үйдүн шамалдан кийинки чыгымдарын тактап чыгып, чыгашанын көлөмү 30 миң сомго барабар деген бүтүм чыгарышкан. Бүгүн болсо ал жаранга үйүнүн чатырын толук калыбына келтирүү үчүн бул сумма төлөнүп берилди. 

Эскерте кетсек, мамлекеттик камсыздандыруу уюму өткөн жылдын аягында түзүлгөн. Үйдү милдеттүү камсыздандыруу айыл жергесинде 600 сом болсо, шаарда 1200 сомду түзөт. Бул бир жылда бир төлөнөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118