Жаңылыктар
8-майга карата кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу
Чек ара
8-майга карата кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу

8-майга карата Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарларды.

Маалыматка ылайык, чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуу жана башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. ИИМдин "Шер" атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат көрсөтүүдө. 

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат.