Жаңылыктар
Айыл чарба министрлигинин эмгек жамааты Баткенге 4 миллион сом которушту
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба министрлигинин эмгек жамааты Баткенге 4 миллион сом которушту

Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин эмгек жамааты Баткенде жабыр тарткан тургундарды колдоо максатында бир күндүк эмгек акыларын, тагыраагы 4 миллион 820 миң сом которушту. 

Ошондой эле министирликтин демилгеси менен өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу 6 миң 322 кг азык-түлүк жана 70 тонна ун жөнөтүлдү. Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан да акысыз жардамдар көрсөтүлөт.