Жаңылыктар
Республикалык бюджеттен медициналык кызматкерлерге компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Республикалык бюджеттен медициналык кызматкерлерге компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 

Белгилесек, мындан мурда медициналык кызматкерлер компенсация төлөөгө байланыштуу көйгөлүү маселелер боюнча митингге чыгышкан.