Жаңылыктар
Насыя түйшүгүн тарткан жарандарга кандай жардам көрсөтүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Насыя түйшүгүн тарткан жарандарга кандай жардам көрсөтүлүүдө?

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси социалдык көйгөйгө айланууда. Бирок насыяны төлөй албай калгандарды же болбосо аны жоопкерсиздик менен төлөбөй жүргөндөрдү топтоп, өз кызыкчылыктарына курал кылып алган топтор дагы пайда болууда. Зайымчылардын көйгөйүн чечүү максатында 25-майда өкмөт мекемелер аралык атайын комиссия түзгөн. Бул орган түйшүк тарткан жарандарга кандай жардамдарды көрсөтүп жатат?. 

Кара-Суу районунун тургуну Майсара Эрматова, 2014-жылы жеке медициналык клиника ачуу максатында Оштогу насыя берүүчү банктардын биринен 40 миң АКШ долларын алган. Эки жыл өткөндөн кийин, ай сайын төлөнүүчү сумманы төлөөгө чамасы келбей калат. Бул арада банк күрөөгө койгон эки турак-үйүн банктын карамагына алып коёрун эскертет.


Майсара Эрматованыкына окшош банкка байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында май айында өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы түзүлгөн. Алар азыр аймактарда иштей баштады. Бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 6000дей зайымчы болсо, анын 200гө жакыны аталган комиссияга жардам сурап кайрылган.
Банк тутумдарында ар бир зайымчынын арызы мониторинг аркылуу иликтенет. Насыя алуучунун таржымалы иликтенип, алардын жүйөсүнө жараша карызын жеңилдетүү шарттары каралган.

Комиссиянын курамы - жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, улуттук банктын өкүлдөрүнөн турат. Ар бир арызды кароо жети күндөн он күнгө чейинки аралыкта тийиштүү тармактын кароосуна жиберилет.
 Буга чейин, алынган насыяларды биротоло кечип жиберүү же болбосо аны төлөө мөөнөтүн узартып, үстөк пайыздарын токтотуу сыяктуу жеңилдиктерди кароо талаптары менен зайымчылар нааразычылык акцияларын да уюштурган. Кийин белгилүүболгондой айрым адамдар өздөрү билбей туруп эле ушул сыяктуу кызыкдар болгон тараптын тизмесине түшүп калган.

Акыркы маалыматтарга караганда, жалпы Ош облусу боюнча 240 зайымчы мекемелер аралык комиссияга арыз менен кайрылган. Мындан 96 жаран карызын төлөөгө каржылык мүмкүнчүлүгү бар деп табылды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118