"Педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө" системасы ишке кирди. Ал Европа Биримдигинин техникалык колдоосу менен жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Программалык камсыздоону иштеп чыгуу мектеп-интернаттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен интернат тибиндеги билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине маянаны ар айлык эсептөөнү камтыйт. Бул система билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүүгө, ар бир билим берүү мекемеси боюнча өлкөдөгү административдик-чарбалык персоналдын жана педагогикалык кызматкерлердин, маалыматтар базасынын статистикалык санын, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кошумча акыларды эсепке алуу менен эмгек акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.