Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Александер Шалленберг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тактап айтканда, ушул жылы ТИМдер аралык кеңешмелерди өткөрүү жана 2022-2023-жылдарга карата кызматташтык программасын биргелешип иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Кыргыз-Австрия экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясынын 7-жыйынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана Комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Австрия тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды уюштуруу маселелери да каралды. Министр Р.Казакбаев Австрия менен Европа Биримдигинин Баткен облусундагы калыбына келтирүү жана тынчтыкты орнотуу иштеринин процессинде көмөк көрсөтүүсүнө үмүт артарын билдирди. Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Александр Шалленберг өз кезегинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, дипломатиялык аракеттер менен тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.