Жаңылыктар
Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кармалды
Кылмыш
Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кармалды

Ири өлчөмдө пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогорку кызматтагы жаран 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, аталган кызматкер өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган. Анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар. 7-майда кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.