Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облусундагы Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолун куруу иши башталды. Самаркандек - Мадиген - Даркум жолунун узундугу 44 километр 100 метрди түзөт.
2012-2017-жылдары бул жолдо жол куруу иштери жүргүзүлүп, транспорт каражаттарынын жүрүүсү камсыздалган. Бирок жол куруу иштери толугу менен жыйынтыкталган эмес жана автожолдун көпчүлүк тилкеси ремонттолушу керек. Мындан тышкары, узундугу 10 чакырым 100 метр Кулунду - Максат - Арка унаа жолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталды.