Жаңылыктар
Талант Мамытов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовду куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовду куттуктады

Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов быйыл 98 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго жолугуп, келе жаткан майрамы - Жеңиш күнү менен куттуктады. Төрага согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин атынан ардагерге акчалай жардам көрсөтүп, атайын белектерди тапшырды. 

Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, акыл-насааттарын айтты, бардык кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак, биримдик каалады. Асек Урманбетов согуштун ардагерлерине, майыптарга жана оорукта иштегендерге колдоо көрсөтүүчү “Ак -Жол “ фондун жетектейт. Ал бир нече китеп, роман жана поэмалардын автору. 1943-жылдын майында 735-аткычтар полкуна туш болуп, аткычтар взводун жетектеген. Согуштук тапшырмаларды аткарып, айыл-кыштактарды, шаарларды фашисттик баскынчылардан бошоткону үчүн Урманбетов Улуу Ата Мекендик согуштун жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.