Жаңылыктар
Чыңгызхандын доору тууралуу жазылган жаңы китеп жарыкка чыкты
Маданият
Чыңгызхандын доору тууралуу жазылган жаңы китеп жарыкка чыкты

Улуттук китепканада Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” аттуу китебинин бет ачаары болду. Автор бул романды төрт жыл ичинде жазган. Китепте улуу башкаруучу Чыңгызхандын доору тууралуу жазылган. Китеп 1000 нуска менен басылып чыкты. 

Чыгарма кыргыз тилинде жарык көрдү. Автор чыгарманын окурмандары дагы көбөйүшү үчүн романды башка тилдерге да которууну пландап жатат.