Жаңылыктар
Коомдук ишмер Ташкул Керексизов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук ишмер Ташкул Керексизов дүйнө салды

7-майда 73 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери, меценат Ташкул Керексизов дүйнө салды. 

Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» жана «Аалам ордо» комплексинин негиздөөчүсү. Аталган комплекстер кыргыздын улуттук рухун көтөрүп, сыймык жаратуучу уникалдуу маданий объектке айланган.Ал 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин, Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 

Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында товаровед, Панфилов райондук керек-жарак союзунун төрагасы, Москва райондук керек-жарак союзунун төрагасы болуп, Кыргызстан Кооперативдер бирдигин жетектеген. Талас облусунун губернатору, Салык кызматынын директору болгон. 

Кыргыз Республикасынын министри-мамлекеттик мүлк фондунсунун жетекчиси болуп иштеп, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. Үчүнчү чакырылыштагы парламентке Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 

Мамлекетке кылган ак кызматы үчүн Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон. Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгек сиңирген. Кыргыз элибиздин чыгаан уулу, коомчулукта, эл аралык деңгээлде өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон атактуу ишмер Ташкул Керексизовдун жаркын элеси кыргыз элинде түбөлүк сакталат. 

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жапаров, Мамытов, Марипов, Бакирова, Отунбаева, Жээнбеков, Касмамбетов жана башкалар.