Жаңылыктар
Бишкекте гүлбактар көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте гүлбактар көбөйөт

Бишкек шаарынын он биринчи жана сегизинчи кичи райондорунда жаңы гүлбактар ачылды. Анда жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор салынып, жаңы көчөттөр тигилип, жарык берүүчү жабдуулар, видеобайкоо орнотулуп, отургучтар коюлган. 

Бул шаар тургундарынын парктарга барып, убара тартпай, жашаган жерине жакын жерде сейилдөөсү үчүн каралган шарттар болуп саналат. Борбор калаада гүлбактарды көбөйтүү максат кылынууда.