Жаңылыктар
Улуу Жеңиш күнү менен Жогорку кеңештин төрагасы Т.Мамытов куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиш күнү менен Жогорку кеңештин төрагасы Т.Мамытов куттуктады

Улуу Жеңиш күнү менен Жогорку кеңештин төрагасы Талант Мамытов куттуктады. 

“Биз согушуп, окко учуп, адам чыдагыс шарттарда аман калган, ураган-кыйраган өлкөнү кайра калыбына келтирип, бизге жашоо укугун берген кишилердин алдында түбөлүк карызбыз. Бул күнү урматтуу согуштун катышуучулары жана тылда иштегендер, Сиздерге башыбызды ийип, Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданынан кайтпай калгандарды тизе бүгүп эскеребиз. Өкүнүчтүү жери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат. Бирок, азыркы муун, өзгөчө, жаштар, өспүрүмдөр тарыхты билүүгө, адамзатты фашизмден куткарган баатырларды унутпай, ал эс-тутумду муундан-муунга өткөрүп берүүгө тийиш. Биздин элдердин согуш жылдарында катаал сыноолордон өткөн достугу, ынтымагы жана биримдиги азыркы жана кийинки муундарга үлгү болооруна ишенем”