Россиянын Президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Владимир Путин бул күндү ата-бабалардын кан-жанын аябай душмандын мизин кайтарган эрдигин жана оорукта жасаган эмгегин өзгөчө сыймыктануу менен эскерди.
"Биздин бүгүнкү моралдык карызыбыз - согуштагы азаптуу окуяларды кийинки муундун эсине салып, аяр сактоо. Тарыхты бурмалоого жана жасалмалоого кандай аракеттер болбосун, буга баарыбыз биргеликте каршы турушубуз керек. Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын кайра карап, улутчулдар жана алардын кол алдындагылар жасаган коркунучтуу кылмышты актоого жол бербөө зарыл", - деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Россиянын президенти согуш мезгилиндеги ынтымак, достук, бири-бирине жардамдашуу салты өлкө жана элдердин ортосундагы коңшулаш мамиле менен конструктивдүү өнүгүү жолуна түшүү болгонун айтып, мындан ары да ушундай болоруна ишеним артты.
Аны менен катар согуш ардагерлерине жана ооруктун каармандарына чын дилинен ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бейпилдик жана узун өмүр каалады. Путин ушундай эле куттуктоосун Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Грузия жана Украинага жолдогон.