Жаңылыктар
Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында абал тынч
Чек ара
Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

9-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Түндө ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады. 

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун айтымында, тергөө, иликтөө топтору кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяда жабыркаган үйлөрдү, имараттарды, мүлктөрдү жана буюм-тайымдарды кароону аяктады. 

Бирок келтирилген чыгымдардын так санын жана суммасын тактоодо кыйынчылыктар жаралууда. Аны толук тактоо иш -чаралары үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.