Жаңылыктар
Минск: баатыр Ж.Асаналиевдин элесине
Кыргызстан жаңылыктары
Минск: баатыр Ж.Асаналиевдин элесине

Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү. Асаналиевдин эстелигине гүлчамбар коюлуп, ардагерлерге азык-түлүктөн турган жардам тапшырылды. 

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов ардагерлерди куттуктап, Минскте тургузулган кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевдин эстелиги эки элдин достугу менен жакындыгынын символу экендигин кошумчалады. 

Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Александр Мацевич Асаналиевдин образы биримдиктин жана ынтымактын, чыныгы патриоттук менен Мекенди сүйүүнү даңазалап турарын белгиледи. Иш-чара Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен Октябрь районунун администрациясы тарабынан уюштурулган.