Жаңылыктар
Эмомали Рахмон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Эмомали Рахмон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. 

“9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем. Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалайм”, - дейт куттуктоодо.