Жаңылыктар
Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысын жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
 Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысын жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысын жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. 

“Жеңиш күнү — тынчтыкта жашоону, жакшы ниетти жана гуманизм идеяларын жар салган жаркын майрам. Мындай маанилүү күндө биз согуш талаасында бири-бирине дем-күч берип кайраттуулук менен салгылашкан жана бүткүл адамзаттын эркиндиги менен келечек муундун бактылуу турмушу үчүн тылда жан аябай эмгектенген жалпы баатырларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдиктерин түбөлүккө сактоо биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп берерине ишенем”, - деген ал.