Сауд Арабия королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд өлкө башчыны жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.
“Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми өкмөткө жана Кыргызстан элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз”.
Ошондой эле мураскер канзаада, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Арабиянын Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы жеңиштин 76 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдогон.