Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касмалы Осмоновдон кабар алды. «Сиздин эрдигиңиз ар-намыстын жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп саналат. Ушул күнү биз фронт талаасында жанын аябастан, өз эрдиги аркылуу фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз.
Өлкөбүздө биздин кайратман аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан, өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат», - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Улукбек Марипов ардагер Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып, мамлекет мындан ары да согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөрүн билдирди.