Учурда облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 4 гана ардагери бар. Алардын алды 100гө чамалап калды. Саламаттыгынан улам аталар салтанаттуу иш-чараларга катыша албай, жакындары менен үйдө тосуп жатышат. Антсе да согуш отун кечкен ардагерлер жалпы элге тынчтык каалап бата берип, облус эли согуштан кайтпай калган аталардын эстеликтерине гүл коюп, эскеришти.
Талас шаарынын борбордук паркы күндөгүдөн шаңдуу. Мекенчилдикке үндөгөн музыка, жалындуу сөздөр Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына коюлган эстеликтин жанында жаңырды.