Жаңылыктар
Тынчтыкты туу туткан ардагер Ашир Рахматов учурда 101 жашта
Кыргызстан жаңылыктары
Тынчтыкты туу туткан ардагер Ашир Рахматов учурда 101 жашта

4 жыл бою кандуу согуш таласында жүрүп, 2 ирет жаракат алып, Жеңиш күнүн туулуп өскөн мекенинде тоскон баткендик Ашир Рахматов учурда 101 жашта. Азыркы тынчтык жашоо канчалаган адамдардын курмандыгы менен келгенин ал жакшы билет. 

Согуштан кийин агартуу тармагында иштеп, кийинки муунга билим тарбия берген ардагер ата 76-жеңиш күнүн тосуп жатканына ыраазы. Кыргызстандын өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулаарына ишеним көрсөтүп, ак батасын берип жаткан учуру.