Кан майданда каармандыгы жана ооруктагы кажыбас эмгеги менен Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандардын эмгектери түбөлүк сакталышы керек. Учурда 9-май жеңиш күнүн Ысык-Көл облусунан Улуу Ата Мекендик согуштун он бир жана 126 ооруктун ардагерлери тосууда.
Ысык-Көл облусунун тургундары ардактуу карыялар Кенжебай ата согуштан кийинки кайра калыптануу жылдарында өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салымын кошсо Тамга айылынын тургуну Тетимиш ата мал чарбасынын өнүгүүсүндө эмгеги чоң.
Тамга айылынын тургуну Тентимиш ата быйыл токсон бешинчи жазын тосууда. Ардактуу карыя кан майданга он сегиз жашында кетип, Алматыдагы даярдык окууларынан кийин жаңы кошулган сегиз жүз аскердин катарында биринчи Белоруссия фронтуна түшкөн. Тентимиш ата Польшаны бошотууга катышып, Берлинге чейин жеткен. 1945-жылы сегизинчи майда каттуу жарадар болуп, жеңиш күнүн аскер госпиталында тоскон экен.