Жаңылыктар
Чек арадагы кол салуудан эң көп жабыр тарткан Максат айылы
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы кол салуудан эң көп жабыр тарткан Максат айылы

Жүздөн ашуун талкаланган, өрттөлгөн турак үйлөр, социалдык обьектилер, оорукана, бала бакча жана мектептер бар. Жаракат алгандар аскер адамдары, жай тургундар жүздөп саналат. Тилекке каршы тажик тараптын куралдуу кол солуусу ондогон өмүрлөрдү кыйды.

Чек арада жайгашкан Максат айылы кол салуудан эң көп жабыр тарткан. Президент дубанга болгон сапарын да дал ушул айылдан баштады. Бир нече күн мурун каргашалуу калабада калган калк менен өлкө башчысы жолугушту.

Азыркы учурда айылда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Бардык турак үйлөр мамлекеттин эсебинен тургузулуп берилет. Жарактан чыккан турак үйлөрдү, социалдык обьектилерди атайын комиссия улантып иликтеп жатат.

Калыбына келтирүү жумуштарына мамлекеттен 700 млн сом бөлүнгөнүн министрлер кабинетинин төрагасы билдирген. Бул каражаттын 500 млн сому социалдык обьектилер үчүн, 200 млн сому жек турак үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн берилет.