Жаңылыктар
Согуш башталганда жоого каршы аттанган согуштун катышуучусу Арзыкул Мамарасулов
Кыргызстан жаңылыктары
Согуш башталганда жоого каршы аттанган согуштун катышуучусу Арзыкул Мамарасулов

Жашы жүзгө таяп калган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Арзыкул Мамарасулов алдуу-күчтүү. Ардагер Жеңиш күнүнө карата өчпөс отко келип кан күйгөн майданда курман болгон куралдаш жоокерлерге таазим этип гүл коюп, бата кылды. Улуу жеңиштин 76 жылдыгын белгилегени келген жеткинчектер көкүрөгү орден медалга толгон ардагерди көрүп сый-урмат көрсөтүп ачык асман, тынчтык үчүн ыраазычылык билдиришти.

1921-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Арзыкул Мамарасулов согуш башталганда жоого каршы аттанган. Атайын даярдыктан өткөн жоокер Кавказ жериндеги салгылашка катышат. Ала-Тоолук жигит 13 жоокерди баштап ротанын командири болуп дайындалып, фронттун алдында жүргөн. Алардын милдети - душмандардын аракеттерине бөгөт коюу, туткунга тил кармоо же жок кылуу болгон. Алаамат согушка күбө болгон ардагер курал-жарагы, даярдыгы күчтүү душманды көп улутуу советтер союзу бир муштумдай түйүлүп, ынтымак менен жеңгенин айтат.

Жыл сайын майрамга карата жеңиш ээлерине көптөгөн белек, акчалай сыйлыктар тапшырылат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана коомдук ишмер Асек Урманбетовду да шаар бийлигинин өкүлдөрү куттуктап кетишти. 1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урманбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесүүгө туура келген. Ардагер кан майданда жасаган эрдиктерин эскерди.