Жаңылыктар
Хронология. Коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Хронология. Коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусу

Тажик тараптын эки жумадан ашык даярданып, жай тургундарга ок атуусу фактылар менен далилденүүдө. Адистер бул окуяны азыр чек ара чыры эмес, чектеш өлкөнүн эгемен мамлекетке карата куралдуу кол салуусу деп эсептейт. Алдыда Баткен облусунда орун алган коогалаң - аскердик агрессия экенин эл аралык коомчулук алдында далилдөө милдети турат.

Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын Жака-Өрүк тилкеси буга чейин эле көйгөйлүү аймактардын бири болуп келген. Мына ушул жерде “Головной” суу бөлүштүрүүчү жай орун алган. Кыргыз жана тажик жарандарынын негизги талаш жараткан маселеси - суу, жол жана такталбаган чек ара тилкеси. Андан улам бул жерде дээрлик жыл сайын чыр-чатактар чыгып, бирок куралдуу кагылышууга жеткен эмес.

Окуя 28-апрель күнү башталып, Көк-Таш айылындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тарап өз алдынча видеокамераларды орното баштаган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар коңшулардын мындай аракеттерин токтотууну талап кылышат. Мына ошондон тутанган чыр-чатак куралдуу кагылышууга айланып, тажик күч түзүмдөрү биринчилерден болуп жай тургундарга карата ок чыгарган.

29-апрелде абал оорлоп, тажик аскерлери Лейлек районундагы кыргыз тажик мамлекеттик чек арасына жакын Борбордук, Арка, Достук, Интернационал, Жаштык жана Максат айылдарында да жай тургундарга карата ок аткылоону башташкан. Ал эми “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тараптын аткан снарядынан бир убакта 25 кыргыз жараны каза болгону аныкталды. Бул күнү тажик аскерлери Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш, Ак-Сай тилкелерине аскер техникалары менен жайгашып, ар бери каттаган унааларды аткылап жатканы боюнча маалыматтар келип жатты. Коңшу өлкөнүн аскердик агрессиясы күн мурун даярдалганы нече фактылар менен далилденүүдө.