Жаңылыктар
Баткен: окуядан кийинки абал
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: окуядан кийинки абал

Чек арадагы чыр 17-апрелде эле башталган. Анда тажик чек арачылары кыргыз тараптан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы оңдоп-түзөө иштерин токтотууну талап кылышкан. Бирок кыргыз тарап макул болгон эмес. Бул пикир келишпестик Баткен менен Согди облустарынын башчыларына жетип, алар телефон аркылуу сүйлөшүшкөн болчу. 28-апрель күнү ошол эле "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жанына тажиктер Ак-Суу дарыясынын жээгинен шагыл чогулта башташкан. Кийинчерээк тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайга видеокөзөмөл орнотууну чечкен.

29-апрелде абал курчуп, эки тараптан таш ыргытуулар башталганда, тажик тараптан автоматтан атып жаткан үн угулган. Ошондо кыргыз чек ара сакчылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ошондо тажик тараптан аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстан тарапка ок ата баштаган. Болжол менен саат 14-кө чукул башталган ок атуулар 6 саат бою токтогон эмес.

Суу таратуучу пунктту кайтарган ИИМдин атайын багыттагы "Шер" отряды кошумча күч келгенче артка чегинбей чек араны коргоп турган.

Чаламандын чак түшүндө болгон кандуу окуядан суу бөлүштүрүүчү жайдын тегерегинде болгон 25 жай тургун мерт кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, атышуу маалында эл “Головнойдун” жанындагы негизги трассанын чекесиндеги чуңкурга кирип жашынган. Бирок миномёт менен аткан снаряддын чачырандысы тийип, ал жерден 12 жай тургун окко учкан. Ал эми жарадарларга бараткан "Тез жардам" унаасы "Головнойго" 300-400 метр жетпей жол четинде оодарылган.

Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт. Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан - 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт.

Өлкөнүн үлүшү бул канал аркылуу агып, Төрткүл суу сактагычына куят. Ал жерге топтолгон сууну жайкысын баткендик дыйкандар колдонот. Суу бөлүштүрүүчү плотина 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Кыргыз ССРнин каражатына салынган плотинанын азыр да документтери жоголбой, сакталып турат.