Президент Садыр Жапаровдун 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында, 9-майда Баткен шаарында 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.Турак үйдүн курулушу ата мекендик курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.