Жаңылыктар
Баткендин Аксай айылындагы 9 үй-бүлөнүн тургундарына убактылуу чатырлар орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин Аксай айылындагы 9 үй-бүлөнүн тургундарына убактылуу чатырлар орнотулууда

Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда. 

Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги билдиргендей, эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет. Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жерлерге эвакуацияланган.