Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1 миң 165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай кенемте төлөөгө 243 млн. сом бөлүндү.
Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Белгилей кетсек, мындан мурда медициналык кызматкерлер кенемте төлөөгө байланыштуу көйгөлүү маселелер боюнча акцияга чыгышкан.