Жаңылыктар
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 5-9-майында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.