Жаңылыктар
Кыргызстандын улуттук акча бирдиги - сом 1993-жылдын 10-май күнү жүгүртүүгө киргизилген
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын улуттук акча бирдиги - сом 1993-жылдын 10-май күнү жүгүртүүгө киргизилген

10-май Кыргызстанда сомдун туулган күнү. 1993-жылдын 10-майында эгемендүү Кыргызстандын улуттук акча бирдиги - сом жүгүртүүгө киргизилген. Сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы 4 ирет өзгөрүүгө учурады. 1993-жылы алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган. 

Булар «өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталган. 1994-жылдан баштап II сериядагы 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылган. Бул сериядагы купюралар жогорку суммага даярдалбаса да мурдагыга караганда сапаттуу коргонуудагы банкнот болгон. 1997-жылдан 2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкноттор акырындап III сериядагы банкнотторго алмаштырылган. 

Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары жогорку сандагы – 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор киргизилген. 2009-жылы 5000 номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылып, кийинчерээк калган – 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары да жаңыланган. Акыркы IV сериядагы банкноттор жогорулатылган жана жаңы коргоо белгилерине, кичирейтилген көлөмгө жана оригиналдуу жасалгага ээ.