1-майдан тарта 5 категориядагы жарандарга акысыз паспорт берүү башталды. 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталарын акысыз берүү улуттук кампания тарабынан ишке ашырылып жатат.
Атап айтканда, 31-августка чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар, ата-энеси жок 18 жашка чейинкилер, интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар, толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган улгайган адамдар, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары акысыз паспорт алышат.