Кара-Кулжада селден жабыркаган турак үйлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 8-май күнү 23:00 чамасында катуу жааган жандын кесепетинен сел жүргөн. Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 2 үйдүн ичине, 2 турак жайдын жер төлөсүнө, 43 турак үйдүн короо-жайларына суу кирген жана 450 метр ички чарбалык унаа жолу жараксыз абалга келген. Сары-Булак айылында “Жаңы Моңол” каналы кум шагылга толуп, суулар ашып 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 бала бакчанын короосуна жана жер төлөөсүнө, 30 турак үйдүн тамаркаларына, 38 турак үйдүн ичине, 34 үйдүн короо-сарайларына суу кирген жана 1 даана электр-мамычасы кулап, 400 метр электр зымдары жараксыз абалга келген.
Мындан сырткары 1 жылкы, 5 уй жана 70 аары бал челеги селге агып кеткен. Ошондой эле Кара-Кочкор айылындагы Атакул сел өткөрүүчү каналынын жалпы 700 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын он тарабынын 15 метр аралыгын сел бузуп кеткен. Нура сел өткөрүүчү каналынын жалпы 1000 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын оң тарабынан 25 метр аралыгы жана сол тарабынан 5 жерден жалпы 100 метр аралыгын, сел бузуп жараксыз абалга келтирип, 2 турак үйдүн ичин, 7 турак үйдүн короо-сарайларын, 2 чакырым ички чарбалык жолду жана 5 гектар үлүш жерди каптаган.
Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу тазаланып ачылган. Жерине 22 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самосвал, 2 экскаватор, ар кайсы бөлүктөрдөн 50дөй кызматкер, 1 бригада, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.