Кыргызстан тышкы саясатта көп багыттуу принципти карманат. Президент бул тууралуу бир нече жолу билдирген. Коңшулар менен болгон ынак мамиле, стратегиялык өнөктөштөр менен болгон достук, кызматташ мамлекеттер менен дипломатиялык алака чыңдалат. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен болгон кызматташуу өз нугунда уланып, Кыргызстан бардык милдеттемелерин аткара турганын өлкө башчы белгилеген.
Кыргызстандын тышкы саясаттагы мындан аркы багыты тууралуу өлкө башчы кызматка киришкен алгачкы күндө пикирин билдирген. Ага ылайык биздин өлкө өз кызыкчылыгын коргогон, көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөт. Анын ичинде стратегиялык деңгээлдеги мамиле орногон өлкөлөр менен дипломатиялык алака өз нугунда уланат. Анын ичинде Россия менен дагы. Аталган өлкө соода, экономика жана саясаттагы негизги өнөктөштөрдүн бири.
Ошол эле учурда Кыргызстан эл аралык уюмдар алдындагы милдеттемелерин толук аткарып, алар менен болгон кызматташуу уланат. Эл аралык бирикмелер алкагында биздин өлкө аймактагы коопсуздукту камсыздоого тилектеш, ошондой эле экономикалык жана саясий алакаларды чыңдоого кызыкдар.
Аны менен бирге бир тууган жана коңшу мамлекеттер менен болгон ынак мамилени чыңдоо дипломатиядагы негизги багыт катары аныкталган. Анын ичинде түрк мамлекеттердин кызматташтык кеңеши алкагында байланышты арттырууга өзгөчө маани берилет. Адистер тышкы саясатта бир тарапка ыктабай, баардык өнөктөштөр менен кызматташып, тең салмактуу саясат жүргүзүү туура экенин белгилешет.
Адистердин пикиринде көп багыттуу тышкы саясат өлкөнүн коопсуздугу, экономикалык пайда табуусу жана саясий колдоого ээ болуусу үчүн туура кадам. Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтула турганын президент дагы белгилеген. Эске салсак, Кыргызстан дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөсүнө элчилик жана консулдук өкүлчүлүктөрүн ачып, аталган өлкөлөрдө окуп, жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерибиз арбын. Ошондой эле алар менен болгон соода жана саясий байланыштарыбыз да бар.