Бүгүн кыргыз сомунун кабыл алынган күнү. 1993-жылы 10-майда, ошол кездеги Премьер-министр Турсунбек Чыңгышев баштаган өкмөттүн демилгеси менен кыргыз сому кабыл алынып эркин валюта катары рынокко киргизилген. 28 жылдан бери эгемен өлкөнүн экономикасында эркин айланган валюта катары жүгүртүлүп келе жатат.
Союз тарагандан кийин 1993-жылы апрелде улуттук валютаны кабыл алуу демилгеси көтөрүлүп 350 депутаттан турган легендарлуу парламенттин колдоосуна коюлган. Көптөгөн талаш тартыштардан кийин 10-майда сунуш кабыл алынып 4 күндүн ичинде өлкөдөгү 14 млрд жакын рубль кыргыз сомуна алмаштырылган. Демилгени көтөрүп чыккан Турсунбек Чыңгышев ошол кездеги экономикалык абалдан улам улуттук валютаны кабыл алуу муктаждыгы келип чыкканын айтат.
Союз жаңы тараганда рублга болгон инфляция айына 40% түзүп, бир жылда 900% чейин өзгөрүп, экономикалык жана саясий каатчылыктан улам, улуттук валютаны кабыл алууга туура келген. Азыркы рынок шартында сомдун куну мамлекеттин экономикасынан түздөн-түз көз каранды. Валюта кескин кымбаттаган учурда Улуттук банкта каражат болгондуктан кээде интервенция жасап рыноктогу сомдун күчүнө теңдеп урат.
Улуттук валюта алгачкы жолу кабыл алынганда 1 доллар 4 сомго ал эми 1 сом 200 рубльга тең болгон. Анын жасалгасын ойлоп табууда гректердин өлкө баалуулуктары жана Италиянын белгилүү инсандары чагылдырылган акча бирдиктеринин орток варианты катары кабыл алынып, кыргыз сомунун бир жагында белгилүү инсандар, экинчи жагында өлкөнүн белгилүү жерлери чагылдырылган. Союз тарагандан кийин Кыргызстан коңшу өлкөлөр арасында биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын киргизген. Андан кийин 1993-жылдын ноябрь айында Казакстан теңгени, анын артынан Өзбекстан сумду, Тажикстан сомонини өз рыногунда жүгүртө баштаган.