Жаңылыктар
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак жайлар курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак жайлар курулууда

28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча президенттин демилгесинин алкагында, Баткен шаарында 36 турак үйдүн курулушу башталды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоого бардык шарттар жана короо-жайы үчүн 6 сотыхтан жер каралган. 

Аймакка бала бакча курулуп, сейил бак түптөлөт. Турак үйдүн курулушу ата мекендик курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү астында башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалган.

29-апрелде жүз берген каргашалуу окуяда Абдыгапар Абдрахманов кичүү уулунан айрылып, орду толгус жоготууга учурады. Уулу Мырзабек ошол күнү тажик аскерлеринин кол салуусунан каза болгон. Артында жаш ымыркайы атасыз калды. Мекен үчүн чек арага барып каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кайдыгер карабай өлкөнүн ар тарабынан жардам колун сунгандар көбөйдү. 

Турак жайлардын курулушу үчүн шаардык мэрия тарабынан 2 гектар жер берилген. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат. Ата мекендик курулуш компаниясы 2 ай аралыгында толугу менен бүткөрүүнү пландап турушат. Айта кетсек аталган курулуш компаниясы 20 үйдү өз эсебинен куруп беришет. Калган 16 үй да демөөрчүлөрдүн жардамында курулат.

Мындан сырткары каргашалуу окуяда 688 жарандын турак жайы толугу менен жараксыз абалда калып, мамлекет тарабынан калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Ошол эле учурда ӨКМ бул жарандарды убактылуу жашоочу жайлар менен камсыздашууда.