Жаңылыктар
Акысыз паспорт бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Акысыз паспорт бериле баштады

1-майдан тарта 5 категориядагы жарандарга акысыз паспорт берүү башталды. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картаны толук мамлекеттик камсыздоодо болгон 16 жаштагы балдар, улгайган жарандар, ата-энеси жок 18 жашка чейинкилер Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары ала алышат.

Карина Имамова Военно-Антоновкадагы балдар интернатынын тарбиялануучусу. Мындан бир ай мурда эле 16 жашка толуп, эми мынтип акысыз паспорт алуу алдында турат. 

Военно-Антоновкадагы балдар интернатында 7 жаштан 17 жашка чейинки 83 бала болсо, анын 11и быйыл паспорт алышы керек. Интернаттын тарбиячысы акция аяктаганга чейин баарына паспорт алып берүүнү көздөп жатат. Себеби буга чейин балдар эч кандай жеңилдиктер жок эле, акча төлөө менен документ алып келишкен.

 

Акысыз паспорт берүү акциясы президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында башталды. Мында 5 категориядагы жарандарга акысыз паспорт берүү каралган. 

Учурда малекеттик каттоо кызматы тарабынан бул категорияга кирген жарандардын тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. 

2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталарды акысыз берүүнү улуттук кампания ишке ашырып жатат. Акция 31-августка чейин уланат.